“Кайра-кайра немистей кыйнап”. Күмөндөр Абылов иниси Бакыт Мукулга таарынып жатабы?

26 июля 2021 12:38 1516 Barometr
Поделиться в:
ok

Режиссер Бакыт Мукулдун “Бир күн, бир түн” деп аталган тасмасы 26-августтан баштап баардык кино театрларда көрсөтүлөт. Бул тууралуу белгилүү куудул Күмөндөр Абыловдун социалдык баракчасындагы маалыматка шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.

Күмөндөр Абылов баракчасына иниси Бакыт Мукул берген маекти бөлүшүп, тасма тартууда кандай кыйынчылыктар болгону эскерди.

“Байкебай" - деп мактап-жактап, сакалымды апсыйтып өстүртүп, таз-жорудай кылып таптатынакай болгон чачымды кырдыртып, анысы аз келгенсип жайдын 40 градус аптабында  калың жүн костюмдун үстүнөн кара плащ кийгизип алып кайра-кайра немистей кыйнап, күндүр-түндүр тартып бүтүп алып, анан:" Мени менен иштеш кыйын" болуп калат экен да, ээ!?...Мындай бөбөктөрдүн анча-мынча акесин таанытып туруш керек окшойт ээ, туугандар?”, - деп тамаша сөзүн жазды куудул.

Колдонуучулар тамаша постко тамаша иретинде жооп калтырышууда.

Жаңы тасма паракордукту сындаган комедия болмокчу, ага актерлер Күмөндөр Абылов, Эмил Эсеналиев, Самат Эркинбеков жана башкалар тартылды.

Ссылка: https://barometr.kg/kajra-kajra-nemistej-kyjnap-kmndr-abylov-inisi-bakyt-mukulga-taarynyp-zhataby



Добавить комментарий