Эртең айт намаз учурунда 2 миңден ашуун милиция коопсуздукту карайт
Бөлүшүү:
Айт намазы 21-апрелде эски аянтта окулат. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы 20-апрелде билдиргендей, эртең мененки саат төрттөн тарта 2 миңден ашык милиция кызматкерлери коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздайт.
Милиция борбор калаанын конокторун жана тургундарын коркунуч жараткан же шектүү жаранды көргөндөр болсо 102 кызматына кайрылууну өтүнөт.
21-апрелде республика боюнча Орозо айт майрамы белгиленип, майрамдык намаз окулат.
Ссылка: https://barometr.kg/erte-ajt-namaz-uchurunda-2-miden-ashuun-miliciya-koopsuzduktu-karajt
Добавить комментарий ×