Эркин Рыскулбеков Курал Чокоевдин наамынан ажыратылышына нааразы

13 январь 2021 13:31 5952 10 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Телеалыпаруучу Эркин Рыскулбеков Курал Чокоевдин наамынан ажыратылышын туура эмес деп эсептейт. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет

“Мен сөгүнөм анда менин да наамымды алып салгыла.

Албетте мен да кесиптештеримдин кылыгынан уялып турам. Алар туура эмес кылышты. Уят сөздөр, болбогон тамашалар маданият кызматкерлери тарабынан элге көрсөтүлө турган нерсе эмес. Бактыга жараша бул теледен эмес интернеттен кетти. 

Бирок, мен маданият министрлигинин чечимине каршымын. Себеби аталган министрлик жазалоочу орган же сот эмес да. Ырчылар андан да катуу коомчулуктун жазасын алышты. Мындай жол менен кете берсек, эртең жөн гана атуулдук укугубуздан да ажыратып коюшуңуздар толук мүмкүн экен да”, - деп жазды Рыскулбеков.

Эске сала кетсек, жыл жаңырары менен ырчы Курал Чокоев  YouTube каналынан берүү ачып,  ырчыларды конокко чакырып этикага туура келбеген, жосунсуз жоруктар менен коштолгон көрсөтүү тартуулаган. Берүүнүн жүрүшүндө алар бири-бирин оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, уят сөздөрдү да колдонушкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/erkin-ryskulbekov-kural-chokoevdin-naamynan-azhyratylyshyna-naarazy



Добавить комментарий