Асрандиев: "Дүйнөлүк банк берген 2, 2 млн долларга медицина каражаттары алынды"

10 июль 2020 13:04 722 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дүйнөлүк банктын 2, 2 млн доллары медицина каражаттарын сатып алууга колдонулду. Бардык тендерлер аталган банктын көзөмөлү алдында өттү. Бул тууралуу вице-премьер-министрдин сөзүнө таянып "Барометр" билдирет.

Макулдашылган 627 млн доллар финансы каражатынан 51%ы же 321 млн доллар гана келип түштү, ал эми калган суммасы азырынча түшө элек.

“Алардын ичинен 166 млн доллар өлкөнүн бюджетине грант катары түшсө, 461 млн доллар – жеңилдетилген насыялоо шартында келүүдө», - деп билдирди вице-премьер-министри Эркин Асрандиев.

Чыгашалардын эки негизги багыты бар – бул бюджет чыгымдарын жабуу жана коронавируска каршы күрөшүү.

171 млн доллар айлык акыларды төлөөгө жана ММКФны трансферлерине багытталды. Бул сумманын 80%ы корголгон беренелерди каржылоого жумшалды.

Дүйнөлүк банктын 2, 2 млн доллары медицина каражаттарын сатып алууга колдонулду. Бардык тендерлер Дүйнөлүк банктын көзөмөлү алдында жана алардын макулдугу менен өткөрүлүүдө.

3 млн доллардан сатып алууга жумшалган.

1,3 млн доллар ӨА режими учурунда гумжардам көрсөтүүгө сарпталган.

«Өлкөгө келип жаткан каржылык жана гуманитардык жардам жөнүндө кеңири маалымат өкмөттүн расмий баракчасына жайгаштырылат. Маалымат жума сайын жаңыланып турат», - деп кошумчалады ал.

Ссылка: https://barometr.kg/erkin-asrandiev-finansy-karazhattar-grannttar-zhnnd-maalymat-berdi



Добавить комментарий