Эркектин төшөк кумарын күчөтө турган азыктар кайсылар?
Мырзалардын потенциясын жана сексуалдык кумарын арттыра турган заттар бул афродизиактар деп аталат.Тарыхый булактарда ар түрдүү чөптөр, порошокторду колдонуу менен мырзалардын күч-кубатын арттыра турган заттарды жасашканы тууралуу жазылат. Бирок антип отурбай эле кээ бир азыктардын өзү афродизиактар болуп эсептелет. Булардын курамында тестостеронду көбөйтө турган A, E, C жана B тобундагы витаминдер бар. Ар бир муздаткычтан сиз таба турган азыктардын топтомун barometr.kg сунуштайт.
1. Сарымсак - ал сасык тумоо менен гриппти гана алдына албастан кан айланууну жакшыртып, потенцияны жогорулата турган да өсүмдүк болуп саналат.
2. Деңиз азыктары – белокко бай келип, эң мыкты анимнокычкылдар менен витамин минералдардын булагы. Албетте эркектер үчүн мыкты жардамчы.
3. Татымалдар: кари, кардамон,кызыл калемпир, чили калемпири эндорфиндерди жогорулатып, эркектин күч-кубатын арттырат.
4. Ашкабактын данеги- цинк, фосфор, кальций жана магнийге бай. Бул азык тестостерондун иштелип чыгышын жогорулатат.
5. Банан-калий менен витаминдин кени.Ал гармоналдык балансты сактайт.
6. Жумуртка - бул азыктагы белок организмдин калыбында иштешине көмөкчү гана болбостон гармондордун иштешин жөнгө салат.
7. Жаңгак- K, E, B, C, PP, ошондой эле, цинк, магнийге бай. Айрыкча грек жаңгагы адамдын делебесин козгоочу күчкө ээ.
8. Бал - пайдалуу заттардын булагы, аны грек жаңгагына кошуп пайдалануу сексуалдык кубатты арттыра турган күчтүү каражат болуп саналат.
9. Шоколад- фенилэтиламиндин башкы булагы.
10. Анар - көп өлкөлөрдө үй-бүлөнүн символу болуп эсептелет.
Ссылка: https://barometr.kg/erkektin-tshk-kumaryn-kcht-turgan-azyktar-kajsylar
Добавить комментарий ×