Эркектин төшөк кумарын күчөтө турган азыктар кайсылар?

9 сентября 2019 10:55 13415 5 Barometr
Поделиться в:
ok

Мырзалардын потенциясын жана сексуалдык кумарын арттыра турган заттар бул афродизиактар деп аталат.Тарыхый булактарда ар түрдүү чөптөр, порошокторду колдонуу менен мырзалардын күч-кубатын арттыра турган заттарды жасашканы тууралуу жазылат.  Бирок антип отурбай эле кээ бир азыктардын өзү афродизиактар болуп эсептелет. Булардын курамында тестостеронду көбөйтө турган A, E, C  жана B тобундагы витаминдер бар. Ар бир муздаткычтан сиз таба турган азыктардын топтомун barometr.kg сунуштайт.

1. Сарымсак - ал сасык тумоо менен гриппти гана алдына албастан кан айланууну жакшыртып, потенцияны жогорулата турган да өсүмдүк болуп саналат.

2. Деңиз азыктары –  белокко бай келип, эң мыкты анимнокычкылдар менен витамин минералдардын булагы. Албетте эркектер үчүн мыкты жардамчы.  

3. Татымалдар: кари, кардамон,кызыл калемпир, чили калемпири эндорфиндерди жогорулатып, эркектин күч-кубатын арттырат.   

4.  Ашкабактын данеги-  цинк, фосфор, кальций жана магнийге бай. Бул азык тестостерондун иштелип чыгышын жогорулатат.

5. Банан-калий менен витаминдин кени.Ал гармоналдык балансты сактайт.

 6. Жумуртка - бул азыктагы белок организмдин калыбында иштешине көмөкчү гана болбостон гармондордун иштешин жөнгө салат.

7. Жаңгак- K, E, B, C, PP, ошондой эле, цинк, магнийге бай. Айрыкча грек жаңгагы адамдын делебесин козгоочу күчкө ээ.

8. Бал - пайдалуу заттардын булагы, аны грек жаңгагына кошуп пайдалануу сексуалдык кубатты арттыра турган күчтүү каражат болуп саналат.

 9. Шоколад- фенилэтиламиндин башкы булагы.

 10. Анар -  көп өлкөлөрдө үй-бүлөнүн  символу болуп эсептелет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/erkektin-tshk-kumaryn-kcht-turgan-azyktar-kajsylar



Добавить комментарий