Эркектин сиздин чыныгы түгөйүңүз экенин кантип билесиз? 5 белги

13 июль 2021 21:25 6816 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кээде кыздар ага сөз айттырып көңүлүн арнап жүргөн жигити “жагабы же жакпайбы?” деп көпкө ойлонушат. Бирок жуптардын бири-бири үчүн идеалдуу түгөй болорун көрсөткөн бир нече өзгөчөлүктөр болот. Бүгүн barometr.kg айымдарга чыныгы түгөйдү тандоодо психолог сунуштаган мамиледеги жакшы белгилер тууралуу маалымат бермекчи.

Сиз андан эч нерсе үчүн уялбайсыз

Сүйлөшкөн жигитиңиз менен өзүңүздү ыңгайлуу сезесиз, ички комплекстериңиз жана кысынууңуз жоголот.Аны менен сүйлөшкөндө сөзүңдөр бүтпөйт, өзүңүздү кандай жагдайда болбосун эркин алып жүрөсүз.

Ал бир майда-чүйдө нерсеге көңүл бөлөт

Ал сиздин ар бир маселеңизди угат, колунан келсе чечкенге аракет кылат. Ал сизге эмне жагарын жакшы билет. Көп учурда жашоого карата көз карашыңыздар, адатыңыздар, кызыкчылыктарыңыздар бир болуп чыгат.  

Аны жолуктургандан кийин сиз идеал издебей каласыз

Бул жигитти жолуктургандан кийин ар түрдүү "эркек деген мындай болуш керек”, “тигиндей болуш керек” деген стереотиптерден арыла аласыз. Сиз аны толугу менен жаман дагы, жакшы мүнөздөрүн дагы кабыл аласыз. Ал аз айлык алып иштейби, көп акчалуубу баары сизди кызыктырбай калат.

Ал сизди өз алдынча болууга үйрөтөт

Ал аркылуу сиз өзүңүздү көбүрөөк сүйө баштайсыз.Буга чейин сиз өзүңүзгө кабыл албаган мүнөздөрүңүздү ойлобой каласыз.Сизди сүйгөн эркектин көзү менен өзүңүздү караганда абдан гармониялуу адам болуп каласыз.

Жашооңуз жакшырганын сезесиз!

Аны менен жашооңуз жакшырганын байкасыз.Ал сиздин жашооңузду жеңилдетет. Болочокко ишеним менен карайсыз, анын колдоосуна ээ болосуз.Өзүңүздү ишенимдүү жана позитивдүү алып жүрөсүз.  

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/erkektin-sizdin-chynygy-tgjz-ekenin-kantip-bilesiz-5-belgi



Добавить комментарий