Эркекке жана аялга көз тийгенин кантип билсе болот? 8 белги

6 июль 2021 16:03 6391 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Адамга көз тийүү” деген түшүнүк байыртан эле бери келе жаткан түшүнүктөрдүн бири. Ар бир эле адам башка бирөөнүн ниети таза эмес энергетикасына кабылып калышы толук ыктымал экенин биоэнергетиктер эскертип келишет. Төмөндө barometr.kg алардын белгилерин сунуштайт.

Эң кызыгы аял менен эркекке көз тийгени же терс дуба келгени эки башкача айырмаланат экен. Алгач аялдарга көз тийгенде кандай болоруна көз жүгүртүңүз.

 1 Жай кыймылдап калат, алы куруп, алсызданат жана күч-кубаты жок болот

2. Бирөөгө ачууланып урушкусу эле келип турат

3. Уйкусу качып жана эч себепсиз эле чарчай берет

4.Бирөө муунтуп жаткандай сезимдер пайда болушу мүмкүн

5. Үнү катуу чыкпай калат

6. Көп эстеп, көзүнөн жаш куяла берет

7. Өңү бозоруп, өзүнө келбети бузулгандай туюла берет

8. Кыжырданып эч нерсеге ыраазы болбой турат.

Кыскартып айтканда көз тийген же кара дубанын таасирине кабылган аялдар сүйүктүү эне жана жар болуунун ордуна, алы-күчү кеткен бирок ошол эле маалда эс ала албаган аялга айланат. Айланасы менен урушуп талашып өзүнө жетпеген энергияны толтурууга аракет кылат.

 Эркектерге көз тийгенде кандай абалда болот?

  • Ар дайым апатия боло берет
  • Өз жанын кыюну ойлоно баштайт
  • Наалыйт, бирок жагдайды оңдош үчүн эч нерсе кылгысы келбейт
  • Дайыма ачууланып, сөгүнүп жүргөндү жакшы көрүп калат
  • Түшүнө коркунучтуу нерселер көп кире баштайт
  • Көп учурда көзү өтүп кеткен туугандарын, жакындарын түшүндө көрө берет
  • Айланасындагылар, үй-бүлөсү, жумушундагылар менен көп чатакташып калат.

Албетте ар бир адам “мага көз тийди” дегенден мурда дарыгердин көзөмөлүнөн толук өтүшү керек, эгерде ошондон кийин сизде физиологиялык жана психологиялык оорулар аныкталбаса, демек энергетикалык чабуулга кабылганыңыз анык.

Ссылка: https://barometr.kg/erkekke-zhana-ayalga-kz-tijgenin-kantip-bilse-bolot-8-belgi



Добавить комментарий