Эркек киши соцтармактан кошуна аялды чыгарып салган, ал полиция чакыртты

22 октябрь 2021 17:23 2734 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Украинанын Волынская областында коңшулар болбогон иштен улам полицияга кайрылышты. Бул тууралуу аталган областтын патрулдук полициясынын маалыматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

“Саат 22:00дөр чамасында кошуналар урушуп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Эркек киши социалдык тармактагы группадан аялды чыгарып салгандан кийин аял полиция чакырткан”,-деп айтылат маалыматта.

Аялды жакшылап уккан кызматкерлер кырдаалды жөнгө салуу боюнча так көрсөтмө беришти.

“Жарандарды жоопкерчиликтүү болууга, полицияны жөнү жок иштер үчүн чакырбоого үндөйбүз. Украинанын Административдик кодексинин 183-беренесине ылайык атайын кызматтарды жалган чакырууга жоопкерчилик каралган”,-деп билдиришкен полициядан.

Ссылка: https://barometr.kg/erkek-kishi-soctarmaktan-koshuna-ayaldy-chygaryp-salgan-al-policiya-chakyrtty



Добавить комментарий