Эркек киши кулагын чукуйм деп жатып мээсин “чукуп” алды
Улуу Британиян жашоочусу кулагын кебез менен тазалайм деп жатып баш мээсин ириңдетип алды. Бул тууралуу Lenta.ru. кабарлады.
Британиянын тургуну көп убакыт бою сол кулагынын ооруп жатканына даттанып бейтапканага барган.
Дарыгерлер ага болгону инфекция бар экенин айтышып, дары жазып берип үйүнө жөнөтүшкөн. Тилекке каршы, ага дарылар жардам бербей бир нече убакыт өткөндөн кийин эсин жоготуп жыгылган.
Акыры соңу британиялык ооруканага түшкөн. Дарыгерлер ага баш мээнин абсцесси деген диагноз коюшуп, угуучу түтүкчөдө башка бир нерсе турганынын аныкташкан. Операция учурунда кулак көңдөйүнөн кебездин бир үзүмүн алып чыгышты.Көрсө ал кулакта калып инфекция кирип, кулакты андан соң мээни сезгентип жиберген экен.
Ссылка: https://barometr.kg/erkek-kishi-kulagyn-chukujm-dep-zhatyp-meesin-chukup-aldy
Добавить комментарий ×