Эркек киши 30 метр бийиктиктен боюн таштап унаага отуруп калды

13 октябрь 2021 09:46 2668 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Американын Нью-Джерси штатынын Джерси-Сити шаарында 9-кабаттан өз жанын кыймак болуп боюн таштаган киши BMW унаасына түшүп аман калды. Бул тууралуу чет элдик булактарга таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

“Мен катуу тарс деген үндү угуп, адам кулап түшүүсү мүмкүн эмес деп ойлодум. Унаанын арткы айнеги жарылуу болгондой бычырап кетти. Андан соң эркек киши чыгып кыйкыра баштады.Бир эркек келип “Эмне болду?” деп сурады, анын аялы “Сен кулап түштүңбү?” деп собол берди”,-деп сүрөттөдү бул жагдай тууралуу окуянын күбөсү Кристина Смит.

21 жаштагы Смит эркек кишинин жумшак курткасы дагы бир топ сактап калды го деген ойдо болгонун кошумчалады.

Кыз 911 кызматына тез арада чалып, бир нече видео жана сүрөттү тартып алган.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында эркек киши 30 метр бийиктиктен же тактап айтканда 9-кабаттан өз жанын кыймак болуп боюн таштаган, бирок ал унаага түшүп аман калды.Жабырлануучу ооруканага жетирилди.

Ссылка: https://barometr.kg/erkek-kishi-30-metr-bijiktikten-boyun-tashtap-unaaga-oturup-kaldy



Добавить комментарий