2022-жылдын термини катары кайсыл сөз аныкталганын билгиңиз келеби?

29 ноябрь 2022 15:23 671 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Merriam-Webster америкалык сөздүгү 2022-жылдын сөзүн аныктады. Бул тууралку Merriam-Webster уюмдун сайтына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Жарыяланган маалыматтарга ылайык, “газлайтинг”  2022-жылдын сөзү.
Бул термин 1938-жылы Ингрид Бергман тартылган тасманын аталышынан келип чыккан, актриса бул ролу үчүн Оскар сыйлыгын алган.Тасманын сюжетинде жаш келин күйөөсү жок кезде үйүндөгү жарык күңгүрт болуп жатканын айтат. Ал эми күйөөсү аялын жинди болуп калганын айтып чыгат. Кийинчерээк белгилүү болгондой, күйөөсү аялын жинди болуп калды деп жарыялап, ооруканага жаткырып, анын мүлкүнө ээлик  кылуу максаты болгон. Бул үчүн ал үйдөгү жарыктардын кубатын азайтып, аялынын айтканын төгүндөп ооруканага “жинди болуп калды” деп жаткырып коюуну көздөгөн.

Сөздүктө «газлайтинг» адамды өз ой-пикиринин тууралыгына, реалдуулукту же эскерүүлөрүнүн тууралыгына шектенүүгө өзүнө болгон ишенимдин жана өзүн-өзү сыйлоонун жоголушуна, эмоционалдык тажрыйбаларында ишенимсиздикке алып келген манипуляциялык ыкма катары аныкталат. 

Merriam-Webster сөздүгүнүн түзүүчүлөрү бул термин дүйнөдөгү жана маалымат мейкиндигиндеги учурдагы кырдаалды сүрөттөө үчүн эң ылайыктуу деп эсептешет.

"Учурдагы дезинформация, фейк жаңылыктар, интернет-троллдор жана фейктер,"газлайтинге" биздин замандын ызы-чуу сөзүнө айланды. 

Акыркы жылдары алдамчылык үчүн колдонулган каналдардын жана технологиялардын чоң өсүшү менен “газлайтинг” алдамчылыктын эң сүйүктүү термини.

Ошондуктан ал жылдын сөзү катары өз ордун тапты”, -деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/2022-zhyldyn-termini-katary-kajsyl-sz-anyktalganyn-bilgiiz-kelebi



Добавить комментарий