Карагандада каза тапкан аялдын тууганы: Бул анын туулган күнүнө белек болчу (видео)
Эскертүү: видео тез таасирленүүчү адамдарга сунушталбайт!
Казакстандын Караганда шаарында “тарзанкадан” секирүү маалында каза тапкан Евгения Леонтьеванын эжеси бул анын 33 жашка толгондугу менен куттуктап бирөөлөр берген сертификат белек болгонун айтты. Бул тууралуу Tengrinews.kz. булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.
“Женянын туулган күнү 4-октябрда болгон, ал 33 жашка толгон. Анын артында эки баласы калды, дагы бир баланы-жолдошунун тууганын багып алышкан болчу. Абдан мээримдүү, жашоого позитивдүү караган адам болчу, балдар менен эс алууга чогуу барчу элек. Бир жерде диванга отуруп эс алганын көргөн жокмун. Дүкөндө иштечү. Буга чейин ал эки ирет секирип, бирок баары жакшы болгон. Биз аны тыйганыбызга болчу эмес. Ал секиргенден кийин кайра төрөлгөндөй болуп калаарын айтчу”,-дейт анын эжеси Марина.
Тармактарга анын буга чейин эки жолу ийгиликтүү секиргени тууралуу дагы видеолор жүктөлдү.
Эскерте кетсек, 10-октябрда Караганда шаарында роупджампинг атракционунда 25 метр бийиктиктен секирип түшкөн аял бетон тосмого тийип каза тапкан.
Ссылка: https://barometr.kg/karagandada-kaza-tapkan-ayaldyn-tuugany-bul-anyn-tuulgan-knn-belek-bolchu-video
Добавить комментарий ×