Садыр Жапаров Эрдоганды президенттик шайлоодо жеңиши менен куттуктады

29 май 2023 09:53 791 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.  

Маалым болгондой, кече, 28-майда Түркияда президенттик шайлоонун 2-туру болуп, анда, көпчүлүктүн добушу менен Режеп Тайип Эрдоган жеңишке жеткен. 

“Урматтуу бир тууганым Режеп Тайып Эрдоган!

Сизди Президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм.

Түркия эли Сизге чоң ишеним артып, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жаатындагы багытыңызды колдоп беришти.

Түркия ачык, атаандаштык жана демократиялык шайлоонун үлгүсүн көрсөттү.

Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк жана боордоштук деминде бекемделе берерине толук ишенем”, -деп айтылат Жапаровдун куттуктоосунда. 


Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-erdogandy-prezilenttik-shajloodo-zheishi-menen-kuttuktady



Добавить комментарий