Эрдоган: "Кыргыз элинин меймандостук менен тосуп алгандарына терең ыраазычылык билдирем"
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга келгендеги расмий сапары менен түрк-кыргыз алакасын жакшыртты деген пикирлер айтылууда. Ал бул визити маалында Кыргызстандын жогорку расмий өкүлдөрү менен жолугуп, Бишкектеги Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да катышты. Мурдагы кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин тушунда түрк-кыргыз алакасы сууп кетип, Эрдоган бир канча жылдан бери Бишкекке келе элек болчу.
Түркия президенти Твиттердеги баракчасына Кыргызстандагы сапары тууралуу мындай деп жазган:
"Кыргызстанга болгон иш сапарыбыз эки өлкөнүн мамилесин жакшыртууга жакшы жыйынтыктарды алып келет деп ишенем. КРнын президенти Сооронбай Жээнбековго жана кыргыз элинин меймандостук менен тосуп алгандарына терең ыраазычылык билдирем"
Ошондой эле биринчи айым Эмине Эрдоган дагы өзүнүн Твиттер баракчасына Кыргызстандагы визити тууралуу видео жасап киргизип, унутулгус сапар болгонун жазды. "Биз Кыргызстандан эсте калаарлык маанай менен кайтып келдик. Көчмөндөр жашоосунун ар кандай аспектилерине күбө болдук. Ч.Айтматов атындагы китепкананын жана маданий борбордун ачылышына катыштык"-деп жазган.
Добавить комментарий ×