"Ералаштын" көркөм жетекчиси Борис Грачевский коронавирустан каза болду

15 январь 2021 10:40 2782 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Ералаш" балдар комикс журналынын көркөм жетекчиси Борис Грачевский 72 жашында коронавирустан  көз жумду. Бул тууралуу “РИА Новостиге” шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Декабрдын аягында Грачевский COVID-19 оорусу менен Москвадагы No52 шаардык ооруканага жаткырылган. Анын абалы оор деп бааланган. Кийинчерээк анын абалы турукташып калганы кабарланган.

Кече, 14-январда анын досу актер Владимир Долинский Грачевскийдин абалы кескин начарлап “комага” түшүп калганын айткан.

Борис Грачевский 1949-жылы 18-мартта Москва шаарында туулган. 1974-жылы драматург Александр Хмелик менен биргеликте "Ералаш" балдар комикс киножурналын уюштуруп, кинохрониканын директору жана көркөм жетекчиси болуп калган.

Грачевский - орус кинематографиялык искусство академиясынын мүчөсү, Россиянын маданиятына эмгек сиңирген ишмери. 2009-жылы Ардак ордени, 2010-жылы Россия өкмөтүнүн маданий сыйлыгы менен сыйланган. "Золотой овен" жана эки жолку "Золотой Остап" сыйлыктарынын ээси.

Ссылка: https://barometr.kg/eralashtyn-negizdchs-zhana-krkm-zhetekchisi-boris-grachevskij-koronavirustan-kaza-boldu



Добавить комментарий