Боронов: "1-октябрга чейин дары-дармектин 3 айлык запасы камдалат"
1-октябрга чейин саламаттык сактоо уюмдарына дары-дармек, ЖКК, дезинфекция каражаттары, антисептиктер жана башка 3 айлык бөксөрбөс запасын камдоо пландалууда. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
“1-октябрга чейин дары-дармектердин стратегиялык запасын түзүү үчүн Матрезерв фондуна республикалык бюджеттен каралууда. Учурда 15 000 бейтапка бир нече позициядан турган дарылардын муктаждыгын камсыздоо боюнча жумушчу топ түзүлдү”, - деп билдирди премьер-министр.
Анын айтымында 1-октябрга чейин саламаттык сактоо уюмдарына дары-дармек, ЖКК, дезинфекция каражаттары, антисептиктер жана башка 3 айлык бөксөрбөс запасын камдоо пландаштырылууда.
- Сезондуу гриппке каршы алдын алуучу вакциналарды сатып алуу иштерине республикалык бюджеттен 200 млн сом бөлүнүп берилди.
- Медицина кызматкерлерин реабилитациялоо – колдоо иштери уюштурулуп жатат.
- Президенттин тапшырмасы менен көлдө пансионатта 130 медик эс алып келди, учурда 170 медик эс алып жатат.
- Медкызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрү өз убагында төлөнүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин – 807 млн сом жумшалды, анын ичинен, июлда айлык маянага кошумча төлөм катары – 424 млн сом республикалык бюджеттен берилди.
- Медициналык адистерди кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, кыска курстардан окутуу иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/epidemiyanyn-ekinchi-tolkununa-karata-kandaj-dayardyk-krlp-zhatat
Добавить комментарий ×