Энергетикалык жактан күчтүү, харизмалуу адам экениңиздин 8 белгиси

8 июль 2021 17:44 7348 2 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Ар бир адам ар түрдүү деңгээлдеги энергияга ээ”, - деп эсептешет биоэнергетика жаатындагы адистер. Адамдын энергиясы күчтүү экенин кантип билүүгө болот? Barometr.kg сизге бүгүн анын жообун сунуштайт.

1. Мындай адамдын ден соолугу чың болот, ал эми ооруп калса тез эле сакайып кетет.

2. Кандай жагдай болбосун суудан кургак чыгып кетет. Башкалар аны жолдуу адам деп эсептейт.

3. Мындай адамдын жанында сиз күч-кубатка толгондой сезесиз, бул адамдар башка бирөөнү бат эле сүйдүрүп, көңүл бурдуруп алат. Энергетикасы күчтүү адамдар менен башкалар баарлашып, сүйлөшкүсү келет жана жолугушуп сүйлөшкөндөн кийин адамдын маанайы ачылат.

4. Энергетикалык жактан күчтүү адам абдан чыдамкай болот.

5. Мындай адамдардын интуициясы абдан өнүккөн, жашоодогу “эскертүүлөрдү” дайыма ажырата билет.  

6. Адамдардын ички жан дүйнөсүн, ниетин жакшы сезет, башкалар ал адамдан көрө албаган нерселерди көрүп жана туюп сезет.

7. Мындай адамдарга жамандык кылсаңыз бат эле жамандык кылган адамга кайтып барат.

8. Ар дайым адамдарга жардам колун сунганды билет.

“Эң негизгиси мындай адамдардын каалоо тилектери жашоодо жеңил гана ишке ашат” дешет бул жаатта иш алып барган адистер.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/energetikalyk-zhaktan-kcht-harizmaluu-adam-ekeniizdin-8-belgisi



Добавить комментарий