Энергетикалык тармактын насыя карыздары 135 млрд сом болду

20 сентябрь 2021 12:06 1058 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүнкү күндө энергетикалык тармактын карызы 135 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Экономика жана финансы министрлигине караштуу бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Элдияр Доолбеков билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы боюнча комитетинин жыйынында ал жалпы берилген насыялардын 45 миллиард сому кайра кайтарылганын, калган сумма 158 млрд сом экенин айтты. Аталган насыялар энергетика жана агро өнөр жай комплексине берилген.

Депутат Осмон Турдумамбетов кимдер эң көп карыз экенин жана канчал жылдан бери кайтарылбай келгенин тактады.

Агенттиктин орун басары бул насыялар 2045-жылга чейин берилгенин, эң эле чоң сумма же болбосо 135 млрд сом энергетика тармагына берилгенин билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/energetikalyk-tarmaktyn-nasyya-karyzdary-135-mlrd-som-boldu



Добавить комментарий