1-ноябрдан тартып электр жарыгы өчүрүлбөйт

22 октябрь 2021 12:33 1891 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Энергетика министрлиги электр энергиясын кыйгас өчүрүүгө жол бербеш үчүн баардык чараларды кабыл алат. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Бекитилген графикке ылайык, 2021-жылдын октябрь айынын соңуна чейин энергетикалык объектилерде ремонт иштери бүткөрүлөт.1-ноябрдан тартып ремонт жумуштары үчүн электр жарыгын өчүрүү болбойт.

“Бирок авариялык жагдай келип чыкса жарык аны калыбына келтиргенге чейин өчүрүлөт.Калган учурда электр жарыгы үзгүлтүксүз берилет”,-деп айтылат маалыматта.

Өткөн жылы пандемиядан улам энерго объектилерде ремонт иштери болгон эмес. Быйыл баардык жабуулар капиталдык ремонттон өткөндүктөн өчүрүүлөр болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/1-noyabrdan-tartyp-elektr-zharygy-chrlbjt



Добавить комментарий