Энергетика министрлиги: Кышында жарык өчүрүлбөйт
Бөлүшүү:
“Күз-кыш мезгили жакындап келе жатат, электр жарыгын өчүрүү болбойбу? Даярдык кандай?”,-деп сурады бүгүн,8-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков парламенттин жыйынында. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
“Кудай буюрса, жарык өчүрүлбөйт”,-деп айтты Энергетика жана өнөр жай министри Таалайбек Ибраев.
Анын маалыматына караганда учурда оңдоо өнөктүгүнүн 80 пайызы аяктады.
“План-график боюнча ГЭСтерде 10-15 пайыздык ремонт жумуштары калды, ал эми бөлүштүрүүчү компаниялар 1-октябрга карата жыйынтык чыгарышат. Кышка даярдык жакшы, дүйшөмбү күнү жыйын өткөрдүк”,-деп айтты министр.
Ссылка: https://barometr.kg/energetika-ministrligi-kyshynda-zharyk-chrlbjt
Добавить комментарий ×