6-сентябрда “Түндүк электр” 7,2 миңден ашык абоненттин жарыгын өчүрөт
Поделиться в:
6-сентябрдан тартып “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун автоматташтырылган маалыматтык-өлчөөчү көзөмөл жана электр энергиясын эсепке алуу системасы 7,2 миңден ашык турмуш-тиричилик абоненттеринин жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу аталган бөлүштүрүүчү компаниядан маалымдашканын “Барометр” билдирет.
Жогоруда аталган абоненттер компанияга 6,4 млн сомдон ашык карыз болушкан.
“Түндүк электр” ачык акционердик коому ыңгайсыздыктар болбош үчүн электр энергиясына карата карызды убагында төгүп турууну абоненттерге эскертти.
Ссылка: https://barometr.kg/6-sentyabrda-tndk-elektr-72-miden-ashyk-abonenttin-zharygyn-chrt
Добавить комментарий ×