Кыргызстанда электр энергиясы көп колдонулууда

3 ноябрь 2021 17:25 2051 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда үчүнчү жылы катары менен электр энергиясында дефицит пайда болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Бишкекте болгон басма сөз жыйынында Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Талайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, учурда электр энергиясын колдонуу көп болууда.

“Сутка боюнча карай тургун болсок, бүгүнкү күндө республикада суткалык керектөө өткөн жылга салыштырганда 2,3 млн кВт. сааттан жогору болуп жатат”,-деп айтты Байгазиев.

Ошондой эле башчы областтарга берилген тапшырмалардын натыйжасы аз болуп жатканын кошумчалады.

“Калк мурдагыдай эле электрди үнөмдөбөй колдонуп жатат. Айрыкча Бишкекте жана Чүй областында жана айрым райондордо колдонуу абдан эле ири өлчөмдө болуп жатат”,-деди ал.

Ошондой эле Байгазиев калкты электр энергиясын үнөмдөөгө дагы бир ирет чакырып өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-elektr-energiyasyn-kp-koldonuluuda



Добавить комментарий