Эмне үчүн үй-бүлөбүз карыз боло берет, кантип жагдайдан чыкса болот?

25 август 2021 17:37 3106 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Жол ачтыруу үчүн кимге кайрылса болот?”, - деп кайрылды Элнура.

Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз. Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!

Бул жолу Элнура (аты өзгөртүлдү) аттуу окурмандын кайрылуусун сизге сунуштайбыз. 

“Мен сиздерге бир суроого жооп алгым келип кайрылып жатам. Биздин үй-бүлөбүз дайыма бир иштерге карыз боло беришет, анан туугандарыбыз чогулуп алып аны төлөйбүз. Бир карызды жабыш үчүн экинчисин карыз, насыя алабыз. Үй-бүлөдө эки кыз, үч уулбуз. Улуу агамдан башкасы үйлөнүп, турмуш кура элек бойдокпуз. Тапкан ташыганыбыз үй-бүлөлүк маселелерди чекенге кетет. Ата-энем ичимдик болсо ичүүдөн баш тартпайт, мындай иш  күндөрү тынч эле жүрө беришет,бирок бир жумада бир эки ирет ичип алышып ызы-чуу чыгарышат. Бишкекте батирде турабыз. Айылдагы үйүбүз дагы каралбай калган, жумуш жок баарыбыз борборго келгенбиз. Апама “эмне үчүн карыз боло беребиз?” десем, “баланча абасыным дуба салып жолубузду тосуп койгон, түкүнчө жеңемдин көзү тийген” деген сыяктуу күлкү келтире турган жоопторду берет. Кандай кылып турмуштун кыйынчылыктарынан суурулуп чыгам, жолун ачтыруу дегенге ишенсе болобу, жол ачтыруу үчүн кимге кайрылса болот?”, - деп кайрылды Элнура.

Урматтуу окурман сиз Элнурага кандай кеңеш берет элеңиз?

Ссылка: https://barometr.kg/emne-chn-j-blbz-karyz-bolo-beret-kantip-zhagdajdan-chyksa-bolot



Добавить комментарий