Эмне үчүн башкаларга өзүңүздүн пландар тууралуу бөлүшкөнгө болбойт?

13 сентябрь 2021 20:19 1518 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адамдарга сүйлөшүү, баарлашуу абдан маанилүү. Алар өздөрүнүн пландары, максаттары тууралуу айтып колдоо жана кошумча мотивация алгысы келет. Бирок тилекке каршы мындай пландарды баарына эле айта берүүгө болбосун психологдор белгилешет. Анын себеби эмнеге байланыштуу экенин бүгүн barometr.kg сиздерге сунуштайт.

1)Адам өзүнүн пландарын айтканда ага жеткендей абалда калат

Адам башкаларга өзүнүн планын айтканда ал эс алып калат, демек максатка жетүүнүн жолдору төмөндөйт.

Муну психолог Питер Голвитцер тажырыйба жүргүзүп көрүп далилдеген. Сынактан өтчүлөрдү эки топко бөлүп, биринчи топко өзүнүн максаттары тууралуу айтууну, экинчилерине сыр бойдон сактоону тапшырма беришкен. Андан соң 45 мүнөттүн ичинде өз максатына жетиш үчүн тажрыйбанын катышуучуларына убакыт берилген. Пландары менен бөлүшкөндөр жарым сааттай отура берип анан иш башташкан. Айтпагандар болсо, берилген убакытта унчукпай өз иштерин аткарышкан.

Изилдөөнүн жыйынтыгында пландарын айтканда мээ аны факты жүзүндө жасап бүтүп койгондой кабыл алары белгилүү болду. Ал эми максаттары тууралуу бөлүшпөгөндө адамдар көбүрөөк мотивацияга ээ болушаары аныкталды.

2) Баардык эле адамдар сиздин жетишкендиктерге кубана бербейт

Кимдир-бирөөлөргө сиздин идеяңыз жагып калат жана ал аны биринчи болуп жазай салам деген ойдо дагы калышы мүмкүн.

Айрымдары сиздин убактыңызды, каржыңызды, кесиптик жөндөмүңүздү же башка ресурстарыңызды пайдалансам деп пландап жаткан болот. Албетте аларга максаттарыңызды бөлүшсөңүз сизге алдыртан бут тосушу ыктымал. Себеби анын сизге карата пландары бар эмеспи.

Албетте жөн гана “краб эффекти” же тактап айтканда ичи тар адамдардын сизди ылдыйга карай тарта бере турганы тууралуу унутпашыңз керек.Анткени мындай адамдарга сиздин азыркы деңгээлде эле болгонуңуз пайдалуу.

Жогоркудагы эки пункт сиздин пландарыңыз тууралуу ар кимге эле жар сала бербесиңиз үчүн жакшы жүйө болот го деген ойдобуз.

Ссылка: https://barometr.kg/emne-chn-bashkalarga-zzdn-plandar-tuuraluu-blshkng-bolbojt



Добавить комментарий