Эмилбек Каптагаев: "Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык ишине баа берүү үчүн комиссия түзүлүшү зарыл"
Бүгүн, 24-ноябрда маалым болгондой "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деген аталыштагы курултай өтүп жатат. Курултайдын алкагында коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевке да сөз берилди.
Ал өз сөзүндө: "Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык ишине баа берүү үчүн Жогорку Кеңеште атайын мамлекеттик комиссия түзүп, укуктук баа берүү зарыл"-деген оюн айтты.
Каптагаев мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин ишине саясий баа берилип, аларга "экс-президент" деген макам ыйгарылбаганын эскертип, "ал эми Алмазбек Атамбаевдин убагында кландык башкаруу орногон, натыйжада өлкөдөгү сот түзүмү, прокуратура, күч түзүмдөрү бир кишиге кызмат кылып калган"-деп кошумчалады.
Эске салсак, бүгүн бир катар коомдук-саясий ишмерлер жана уюмдар катышкан курултай өткөрүлүүдө. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык жана азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун иш мөөнөтүнүн алгачкы бир жылына баа берип жатышат.
Добавить комментарий ×