Эмгек сиңирген дарыгер Кубанычбек Шүкүрбаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилди
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери, Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айылынын ардактуу атуулу Кубанычбек Шүкүрбаев 62 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Кубанычбек Шүкүрбаев 23-февралда Бишкек шаарында каза болду. Элине эмгеги сиңген “алтын колдуу” дарыгердин сөөгү бүгүн, 24-февралда "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилди.
Ден соолук сакчысы, ардактуу кесиптин ээси Кубанычбек Шүкүрбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына КРдин эмгек сиңирген дарыгери, академик, профессор Сабырбек Жумабеков жана кесиптештери катышты.
“Кубанычбек Шүкүрбаев Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаш кезинде келип, бир жерде иштеп, Эмгеги сиңген дарыгер наамын алды. Бала кезинде келип, 32 жыл бир жерден агарып-көгөрдү. Отуздан ашуун илимий эмгек жазып, медицинага опол тоодой эмгек калтырды. Эң өкүнүчтүүсү жаш кезинде биздин арабыздан кетип калганы болду”, - деди Сабырбек Жумабеков.
Кубанычбек Шүкүрбаев 1959-жылы 7-октябрда Токтогул районуна караштуу Кызыл-Ураан айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Андан кийин, Ош облустук ооруканасында хирургия боюнча интернатураны аяктаган.
1984-1988 – жылдары Майлуу-Сай шаардык ооруканасынын хирургу.
1988-1990-жж КММИнин хирургия бөлүмүнүн клиникалык ординатурасын Шаардык медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын базасында аяктап, андан кийин аталган ооруканада эмгек жолун уланткан.
1997-жылы травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна хирургия-политравма бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, ал жерде өмүрүнүн акырына чейин иштеп, бир нече адамдын алкышына арзыды.
1999-жылы «Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси менен сыйланган. 2002-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин ардак грамотасы тапшырылган. 2007-жылы «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери» наамын алган.
Кубанычбек Шүкүрбаев жалпы хирургия боюнча жогорку квалификациялуу адис катары көкүрөк жана ич көңдөй органдарына операция жасоонун бардык хирургиялык ыкмаларын өздөштүргөн. 38 жылдык эмгек жолунда 15 миңден ашуун бейтапка операция жасап, ич көңдөйүнүн жана көкүрөктүн курч ооруларын дарылоонун жаңы ыкмаларын иштеп киргизген. Ал 30 илимий эмгектин, 5 рационализатордук сунуштун жана ойлоп табууга 3 патенттин автору болгон. I жана II Евразиялык травматологдордун жана ортопеддердин конгрессине, 2011-жылы түрк тилдүү мамлекеттердин травматологдору жана ортопеддеринин эл аралык конгрессине катышкан.
Бир нече муундан ашык жаш хирургдарды тарбиялап өстүргөн, өз ишинин профессионалы, жаш кесиптештердин насаатчысы болчу, кесиптештеринин, медициналык коомчулуктун жана бейтаптардын арасында татыктуу кадыр-баркка ээ болгон.
Көрүнүктүү дарыгер, бир гана ден соолук сакчысы гана эмес, талантуу акын, кубулжуган үндүү ырчы да болгон.
Көп кырдуу кесип ээсинин арабыздан эрте кетиши бир эле жакындарынын эмес, жалпы кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу болду.
Ардактуу дарыгердин артында эки уул, эки кызы жана жубайы калды.
“Барометрдин” жамааты Кубанычбек Шүкүрбаевдин жакындарына, жубайына жана балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Автор: Жанышбекова Чолпон
Ссылка: https://barometr.kg/emgek-siirgen-daryger-kubanychbek-shkrbaevdin-sg-ala-archa-krstnn-zherge-berildi
Добавить комментарий ×