Елизавета II Гарри менен Мегандын жаңы жашоо баштоо каалоосун колдоду

14 январь 2020 09:51 3825 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Британиянын канышасы Елизавета II Сассекс герцогу менен герцогиниясынын жаңы жашоо баштоо каалоосун колдоду. Буга чейин Гарри менен Меган падышалык үй-бүлөнүн улуу мүчөсү катары милдеттерин аткаруудан баш тартарын билдиришкен болчу. Мындай билдирүү көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн жаңылык болгон.

BBC телеканалынын маалымдашынча, Каныша дүйшөмбү күнү падыша үй-бүлөсүнүн жогорку мүчөлөрүн Сандрингем сарайына чакырып, Гарри менен Мегандын тагдырын талкуулады. Алар буга чейин падышачылыктын каржылык жардамдарынан баш тартып, өз алдынча болуу тилегин билдиришкен.

"Алар падыша үй-бүлөсүнүн толук мүчөсү болуп калуусун каалаганыбыз менен биз алардын өз алдынча жашоосун сыйлайбыз жана түшүнөбүз. Бирок алар биздин үй-бүлөнүн барктуу бөлүгү болуп кала берет", — деп айтылат маалыматта.

Канышанын айтымында,  жолугушууда өткөөл мезгил боюнча келишимге жетишилген. Ага ылайык, Сассекс герцогу менен герцогиниясы Канада менен Британияда жашап турушат. Өткөөл мезгил канчага созулары белгисиз.

Ссылка: https://barometr.kg/elizaveta-ii-garri-menen-megandyn-zhay-zhashoo-bashtoo-kaaloosun-koldodu



Добавить комментарий