Элчилик Орхан Инандынын аялынын арызын кабыл алган жок

14 июнь 2021 22:47 8753 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын аялы жолдогон кайрылууну кабыл алган жок. Бул тууралуу дайынсыз жоголгон Инандынын адвокаты Таалайкүл Токтакунова 14-июнда жазган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Анын айтымында, элчиликтин кызматкерлери кайрылууну кабыл алуу үчүн элчинин уруксаты керектигин билдирип, бирок бул уруксат кантип берилерин түшүндүрүшкөн эмес.

 “Орхан Инанды - Кыргызстандын жараны. Анын жубайы Рейхан Инандынын буга чейин ал “Түркия элчилигинин имаратында кармалып турган болушу ыктымал” деп билдиргенине жана элчиликтин жанындагы митингдерге элчилик эч кандай реакция кылган эмес. Андыктан Рейхан Инанды Туркиянын Кыргызстандагы атайын ыйгарымдуу элчисине расмий түрдө кайрылуу жолдоого аргасыз болгон”, - деп жазган адвокат социалдык тармактагы баракчасына.

Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түндөн бери дайынсыз болууда. Кыргызстандын коопсуздук кызматтары президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Орхан Инандыны табуу боюнча ыкчам иликтөө иштерин баштаган. 

Бирок, азырынча андан натыйжа чыга элек. Ал эми Түркияда президент Тайип Эрдоганга ыктаган “Сабах” гезитинин Ферхат Үнлү аттуу баяндамачысы Орхан Инандыны Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети уурдап кеткен деген божомолду жазып, бирок ага далил көрсөтө алган эмес.

Кыргызстанда 20га жакын "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды - Бишкекте иштеп жана жашап, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык адам.  


Ссылка: https://barometr.kg/elchilik-orhan-inandynyn-ayalynyn-aryzyn-kabyl-algan-zhok



Добавить комментарий