Жапаров Орхан Инандыны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырды

1 июня 2021 13:36 2687 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Президент Садыр Жапаров “Сапат” билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандыны табууга кошумча күч тартууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Буга чейин "Сапат" лицейин түзүүчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз болуп жатканы кабарланган.

"Садыр Жапаров УКМК менен ИИМге Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны табуу үчүн ыкчам тергөө амалдарын күчөтүү менен издөө ишине кошумча күч тартууну тапшырды", -деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, милицияга 1-июндун таңында, саат 04:20да Бишкектеги 12-кичи райондон Lexus 470 автоунаасы табылгандыгы туурасында маалымат келип түшкөн.

Ал жерден Ю. К. аттуу жаран атасы И. О. аттуу адам ушул автоунаа менен жүргөндүгүн айтып арыз жазган. Акыркы ирет ал кечээ, 31-майда, болжол менен саат 18:00дө байланышка чыккан.

"Себат" билим берүү мекемеси 2017-жылы "Сапат" деп атын өзгөрткөн. Аталган мекеменин түзүүчүлөрү Кыргызстандын үч жараны - Майрамбек Жумалиев, Жолдошали Көчкөнбаев жана Орхан Инанды.

Ссылка: https://barometr.kg/zhaparov-orhan-inandyny-tabuu-chn-koshumcha-kch-tartuunu-tapshyrdy



Добавить комментарий