Элчилик: Метродо көз жарган кыргыз кызынын жана ымыркайдын абалы жакшы

15 декабрь 2020 17:31 4657 Barometr
Бөлүшүү:
ok

11-декабрда Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин юристи “Электрозаводская”метросунда көз жарган кыргыз кызынын ал-акыбалынан кабар алып келди. Бул туурулуу Москвадагы кыргыз элчилигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматта, Москва шаарындагы Н.Е.Бауман атындагы № 29 шаардык клиникалык ооруканасында жаткан кыргыз жараны У.К.га укуктук жактан жардам берүү максатында элчиликтин кызматкери барганы айтылат.

“Элчиликтин юристи метродо көз жарган кыздын дарыгери менен жолугуп эне-баланын акыбалын жакшы экенине дагы бир жолу ынанды.  

Иш сапардын жүрүшүндө анын дарылоочу врачы Н.В.Мурашева менен жана № 29 клиникалык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Артемьев В.Е. менен жолугушуу болуп өттү.

Дарыгерлер эненин жана баланын абалын канааттандырарлык деп тастыкташты, экстремалдык шартта төрөлсө да баланын ден-соолугунда эч кандай кынтык жок”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошону менен катары эле, баса белгилей кетчү жагдай, жаш келин өз баласынан баш тарткан эмес. Бул маалыматты келиндин туугандары да тастыктап, ал эч качан жаңы төрөлгөн ымыркайынан “баш тартам деп айткан эмес” дешти.

Бир нече күн мурда, Россиянын бир катар басылмалары кыз өз баласынан баш тартуу тууралуу арыз жазып берди деген маалыматты жазып чыгышкан.

Эскерте кетсек, 10-декабрда Москвадагы "Электрозаводская" метросунда иштеген полиция отрядынын кызматкерлери толгоосу келип калган кыргызстандык келинди метродон төрөтүп алышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/elchilik-moskvanyn-metrosunda-kz-zhargan-kyrgyz-kelindin-zhana-ymyrkajdyn-akybaly-zhakshy



Добавить комментарий