Кыйналган мигрант. Москвада метродон көз жарган кыргыз кызы (видео)

10 декабря 2020 16:14 7786 Barometr
Поделиться в:
ok

Москвадагы Электрозаводская метросунда иштеген полиция отрядынын кызматкерлери кыргызстандык келинди метродон төрөтүштү.  Бул тууралуу LIFE сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Россиянын Ички иштер министрлигинин борбордук башкармалыгынан билдиришкендей, милиция кызматкерлери дароо дарыгерлерди чакырган, бирок, күтүүгө убакыт болгон эмес. Төрөт убагы келип калган. Милиционерге кесиптеши жардамга келген. Милиционер кыз ымыркайдын жарык дүйнөгө келиши үчүн бардык аракеттерди жасаган. Келген тез жардам тобу жаш энени ооруканага алып кетишкени маалым болду.

Соцтармак колдонуучулары ымыркайга ысым ойлоно башташкан. Варианттардын арасында Эдгар жана Электрондук деген эркекке ылайыктуу ысымдарды сунуштап жатышат. Эгер метродо төрөлгөн наристе кыз болсо, анда, кыздын жарык дүйнөгө келишине салым кошкон милиционер айымдын  атынан Алеся деп коюуну сунушташууда.

Бирок, алдын-ала маалыматтар боюнча, эркек бала төрөлгөн. Анын энеси Кыргызстандын жараны экени айтылды.


Ссылка: https://barometr.kg/kyjnalgan-migrant-moskvada-metrodon-kz-zhargan-kyrgyz-kyzy



Добавить комментарий