Элчи Аликбек Жекшенкулов согушта жоокерлерге чучук жасап берген чоң таятасын жана чоң атасын эскерди

7 май 2020 09:54 1711 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Ата мекендик согуш жылдарында душмандарга каршы согушкан чоң атасы менен чоң таятасын эскерди. Алардын согуш маалында кабылган кызыктуу окуяларын да белгиледи.

"Медеркул Иманкулов – чоң атам, улуу ата мекендик согушта Ленинград фронтунда согушкан, 1943-жылы, оор жаракат алып, бутунан айрылып, үйгө майып болуп кайтып келген. 

Жунушалы Куронов – чоң таятам, “Дальневосточный” фронтто согушкан, согуш аяктаган соң мекенге аман-эсен кайтып келген. 

Чоң атам менен, чоң таятам экөө тең эрктүү, акыйкаттын таламын талашкан, болоттой бекем чыныгы кыргыз элинин уулдары болгон, ошону менен бирге каардуу учурларды баштарынан өткөзүшсө да, экөө тең жайдары адамдар болуптур. 

Медеркул атам Ленинграддын алдындагы чабуулдардын биринде жарадар кыргыздын өмүрүн сактап калып, ок учкан талаадан сүйрөп чыккан орус жоокерди эстей берчү. Ал жоокер болбосо кийинки кадырлуу жай турмушту көрбөй калмак экенин, ошол жоокерге ыраазычылыгын айта берчү...

Жунушалы чоң таятам согуштагы күңдөрүнүн биринде кызык окуя болуптур. Кокустан талаадан жарадар жылкы таап алат, аны союп, ачка олтурган жоокерлерге чучук, казы кылып берет. Өмүрүндө биринчи жолу мындай ширин деликатес жеген жоокерлер бир топко чейин таң калып жүрүшүптүр кыргыздарга.   

Экинчи дүйнөлүк согуштагы муундун башынан кандай гана кыйынчылыктар өткөн жок – ачарчылык, жут, суук, өлүмдөр. Жүз миңдеген кыргызстандыктар мекенибиз үчүн өз өмүрлөрүн беришти,  алар болбосо  азыркы үстүбүздөгү тынч көк асман жана мамлекетибиздин эгемендүүлүгү болбойт эле. 

Эч ким, эч качан унутулбайт! Элдик баатырларга таазим!" - деп жазды элчи.

Эске салсак, быйыл Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы белгиленет. Бирок коронавирус илдетинен улам бир катар мамлекеттерде парад өткөрүүгө, кеңири масштабда майрамдоого тыюу салынды. 

Ссылка: https://barometr.kg/elchi-alikbek-zhekshenkulov-sogushta-zhookerlerge-chuchuk-zhasap-bergen-cho-tayatasyn-zhana-cho-atasyn-eskerdi



Добавить комментарий