Бишкекте Ржев салгылашында курман болгон кыргызстандык жоокер туурасында тасма тартылууда

23 июль 2025 10:04 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуш учурунда, 1942-жылы Ржев салгылашуусунда баатырларча курман болгон кыргызстандык  Мендыш Өмүралиевдин эрдиги тууралуу көркөм тасма тартылып жатат.

Журналисттер тасма тартуу аянтчасына барып, баатырларча курман болгон атабыздын урматына арналып жаткан кинонун тартылуу учурунан кабар алышты.

Бишкек шаарына жакын тоолуу аймактардын биринде Мендыш Өмүралиевдин согушка чейинки өмүрүн чагылдырган эпизод тартылды.

Боз үйлөр, селкинчек, арабалар, атчан жоокерлер жана улуттук кийим кийген 300дөн ашуун адам ошол мезгилдин атмосферасын жаратты.

Бул көрүнүш киного тартылып жана тасма үстүндө иштеп жаткан ар бир жаранды согушка чейинки тынч жана бейкапар күндөргө ойлуу кайрып, жүрөккө таасир калтырат.

Эки өрүм чач өргөн секелек кыздар, элечек кийген апалар, обочодо отто эт кайнап жатат, анын жанында эркектер күч сынашууда.

Тасмада согушка чейинки элдин бейпил жана шайыр жашоосу чагылдырылып жатат.

Килем үстүндө эки эркек күрөшүп жатат, алардын бири — кинонун башкы каарманы Мендыш Өмүралиев.

— “Стоп, камера! Дагы бир дубль!”, — деп үн катат режиссер үн коштоочу  аркылуу.

— “Эмне үчүн башкы каарман утканына кубанбай жатасыңар? Маңыздуу эмоция бергиле!”.

Андан соң кайра: “Камера, мотор, дубль!”, - деген үндөр жаңырып, тартуулар уланат.

Эмоциялар өтө көп! Кимдир бирөө көз жашын тыя албай кубанып жатат, башкалары сыймыктанууда, кээ бири ичиндеги күйүтүн жашырып араң отурушат.

Биздин мекендешибиздин эрдигин искусство аркылуу түбөлүккө калтырууга татыктуу.

Тасманын аннотациясында жазылгандай, 1942-жылы кандуу салгылашта курман болгон кыргыз жоокери Кыргызстан менен Орусиянын тарыхында терең из калтырган.

Ал акыркы демине чейин кармашып, жолдошторуна каршылыкты улантууга мүмкүнчүлүк берип, өз өмүрүн берген.

Ошол жылы Мендыш Өмүралиевдин  жакындары “кара кагаз” алышкан.

Бирок,  анын сөөгү кайда коюлганын эч ким билген эмес.

Кыргызстанда ар бир каза болгон адамды мусулманча ак кепинге ороп, жаназа түшүрүп, куран окуп, сый-урмат менен акыркы сапарга узатуу ыйык милдет катары эсептелет.

Бирок, узак жылдар бою анын жакындары мындай мүмкүнчүлүккө ээ болбой келишкен.

Анын сөөгү ошол убакта «кандуу Ржев» деп аталган салгылаш болгон жерде — миңдеген жоокер курман болгон талаада калган.

2013-жылы Морозовдордун издөө тобу казуу иштеринин жүрүшүндө Мендыш Өмүралиевдин сөөгүн тапкан.

Бирок, жоокерлердин жакасындагы жазуу өчүп калгандыктан, туугандарын табуу мүмкүн болбой калган.

Арадан үч жыл өткөн соң гана анын өздүгү аныкталган.

Тасманын башкы продюсери Людмила Кукобанын айтымында, жоокерлердин сөөгүн тапкан Морозов кыргызстандык аскердин жакындарын тапмайынча  анын сөөгүн жалпы көрүстөнгө койгусу келген эмес.

«Морозов өзү айтып бергендей, ал түшүндө Мендышты көрүп, ал ага “мен сөзсүз мекениме кайтышым керек” деп айткандай болгон. Мендыштын окуясында сырдуу учурлар көп. Морозов бул тууралуу ыр да жазган. Ал буга чейин 10 миңден ашык жоокердин сөөктөрүн тапкан, бирок дал ушул окуя аны катуу таасирленткен. Акыры ал ошол кезде Россиядагы Кыргызстандын элчиси Клара Самат менен таанышып, анын жардамы менен Мендыш Өмүралиевдин ысымы такталган», — деди ал.

2016-жылы Мендыш Өмүралиевдин сөөгү анын туулган жери Талас облусуна алынып келип, урмат-сый менен жерге берилген.

Анын сөөгүнүн мекенине кайтарылышы кыргыз эли үчүн өзгөчө маанилүү окуя болду.

Бул Улуу Ата Мекендик согуштагы баатырдыкты эске салган символ болуп калды.

Ошондон кийин анын тагдыры тууралуу “Мендыштын кайтып келиши” деген аталыштагы көркөм тасма тартуу идеясы жаралган.

Тасманы  “Жеңиш эстелиги” фонду жана “Реверсия” киностудиясы тартууда.

Кинону тартуу иштери 2024-жылдын декабрында башталган.

Согуш эпизоддору Беларустун Минск шаарына жакын жердеги атайын аянтчада тартылды.

Башкы каарман Мендышты ойногон актёр — Кымбатбек Алимжанов журналисттер менен маектешип жатып, тартуу учурунда согуштун азабын башынан кечиргендей абалга туш болгонун айтып, биринчи күндөрү толкундануудан көзүнө жаш алганын айтты.

“Беларусияда согуш эпизоддорун тартууда катаал суук болду, окоптордо тарттык. Түшкү тыныгуу маалында мага мээлей, ысык чай берип турушту. Бирок, ошого карабастан, шарттар оор эле. Мен болгону согушту чагылдырган шартта тартылсам, биздин ата-бабаларыбыз ал мезгилди чын эле баштан кечиришкен. Бул өтө оор…”, — деди актёр.

Фильмдин премьерасы 2025-жылдын аягында көрсөтүлөт деп күтүлүүдө.

Жакын арада тасманы тартуу иштери Мендыштын туулган жери Талас облусунда уланмакчы.

“Бул фильмдин негизги максаты — жаштардын генетикалык эс тутумун ойготуу. Биздин муунда бул эс тутум дагы да болсо бар. Ал эми жаңы Z мууну деп аталган жаштар үчүн бул тасма ушул сезимдерди ойготушу керек. Биздин кинотасманын максаты – элдердин маданиятынын бири-бирине сиңишүүсүнө салым кошуу. Анткени бул биздин жалпы тарыхыбыз. Биздин элдер биригишип фашизмди жеңген”, — деди фильмдин башкы продюсери Людмила Кукоба.




Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-rzhev-salgylashynda-kurman-bolgon-kyrgyzstandyk-zhooker-tuurasynda-tasma-tartyluuda



Добавить комментарий