Дин иштери боюнча комитет элди киши көп чогулган диний иш-чараларга катышуудан оолак болууга чакырды

11 март 2020 16:46 561 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министирлигинин кайрылуусу боюнча маалыматтык-профилактикалык иш-чаранын алкагында жугуштуу оорулардын жана коронавирустун алдын алуу максатында сиздерди эл көп топтолгон диний иш-чараларга катышуудан мүмкүн болушунча оолак болууңуздарды суранабыз. Бул тууралуу Дин иштери  боюнча мамалекеттик комиссиясынын маалымат бөлүмү  билдирди. 

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча учурда өлкөдө коронавирустун тастыкталган учуру катталган жок. Сиздерден жугуштуу илдеттердин жайылышынын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги тарабынан өткөрүлүп жаткан профилактикалык иш-чараларды колдоону өтүнөбүз.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан дүйнө жүзү боюнча каза болгондордун саны 4289 кишиге жетти. 

Ссылка: https://barometr.kg/el-kp-toptolgon-dinij-ish-charalarga-katyshuudan-mmkn-bolushuncha-oolak-boluuuzdardy-suranabyz



Добавить комментарий