Эл аралык террористтик уюмга азгырылып кирип кеткен жаран кармалды
Бишкек шаарында «Джамаат ат-Таухид Валь Джихад» эл аралык террористтик уюм менен диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлери УКМК менен биргеликте, «Джамаат ат-Таухид Валь Джихад» эл аралык террористик уюмунун жана диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн бири, Жалал-Абад облусунун тургуну 1996-жылы туулган У.Д.нын үйүнө санкциялык тинтүү жүргүзүшкөн.
"Тергөөнүн жүрүшүндө, санкциялык тинтүү учурунда анын үйүнөн диний-экстремистик көз караштагы эл аралык террористтик уюм менен диний-экстремисттик уюмдун идеалогиясына тиешелүү болгон колго жазылган дептерлер, дисктер табылды.
Мындан ары жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында 1996-жылы туулган У.Д. кармалды. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда ал жарандан жихад жүргүзүү боюнча жазылган китепче табылды.
Базар-Коргон районунун ИИБи Тергөө кызматы тарабынан У.Д. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Алынган маалыматка ылайык, У.Д. КМШ малекеттеринин бирине барган кезде «Джамаат ат-Таухид Валь Джихад» эл аралык террористтик уюм менен диний-эсктремисттик уюмдун мүчөлөрү тарабынан азгырылып кирип, аларга жалданып иштеп, Кыргызстанда дагы алардын идеологиясын таркатуу менен алектенип жүргөн", - деп айтылат маалыматта.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/el-aralyk-terroristtik-uyumga-azgyrylyp-kirip-ketken-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×