Экстремалдуу спортту сүйгөндөр “крутойлорбу” же депрессия болгондорбу?
Альпинизм, бейсджампинг, дайвинг, параглайдинг, фрирайд, кайтинг, скайсерфинг жана башкалар. Акыркы жылдарда эктремалдуу спорттун түрү мода болуп жатат. «Экстрим» деген сөздүн өзү англис тилинен которгондо extreme- “эң эле четки”, “жеткен чеги” деп которулат. Психологияда эмне үчүн адам өлүм менен өмүр бет келиши мүмкүн болгон экстермалдуу спортко кызыгары көп изилденүүдө. Бүгүн barometr.kg психологдун пикирине таянуу менен сиздерге бул тууралуу сунуштамакчы.
Сезим үчүн секирүү
Эктримдин философиясы бир кылка эмес. Көпчүлүк мындай спортту сүйгөн адамдар “эч нерсеге тең келе алгыс сезимдерге ээ болуш үчүн ушундай кылабыз” деп айтып келишет.Бирок психологдордун көбү бул «аутоагрессия» же болбосо адам өзүнө физикалык жана психикалык жактан зыян алып келгиси келгенде болот деп эсептешет.
Мындай сезимге адамды көп жылдар бою топтолгон жашыруун депрессия түртүшү мүмкүн. Эктремалдуу спорттун айрым түрлөрү менен машыккандар өздөрүнө сезилбеген “жашыруун депрессия” деген оору менен жабыркап жатышы толук мүмкүн.
Мындай адамдар көп учурда өзүн жалгыз жана эч кимге кереги жок сезишет. Бирок спорт учурунда алар жагдайдын “падышасы” болмокчу. Ал коркунуч менен бет келишкен кезде депрессия чегингендей болот.Бирок бир нече секундаларга гана. Наполеон айткандай “эч нерсени жоготкусу келбегендер, эч нерседен коркпойт”.
Жашыруун суидцид
Адамдын жашыруун түрдө өзүнө-өзү кол жумшагысы келген учурлар бар. Тактап айтканда өзүнө агрессия жасап жатканын ал аңдап-сезбейт, бирок жан дүйнөсүндө суидциддик абалдын баштапкы этаптары калыптанат. Мындай учурларга жумушту катуу иштеп трудоголизм менен жабыркагандар, психоактивдүү заттарды колдонгондор жана экстремалдуу спорт менен алектенгендер кирет.
Бирок экстрим депрессияны жана анын натыйжасында келип чыккан жашыруун суидцидди тилекке каршы дарылай албашы мүмкүн. Мындай адамдар чечимди тез эле кабыл алганы, маанайы бирде ачылып, бирде тез эле көңүлү чөгүп турганы менен өзгөчөлөнөт. Айрымдары бир жерге такыр отура албай тынчы кетип, шашып турат. Бир нерсеге катуу кумарланат, сөзүндөрүндө да, кыймыл-аракетинде да агрессивдүүлүк байкалып турушу мүмкүн.
Албетте эктремалдуу спорттун түрү менен алектенген баардык адамдар эле ушундай болот дегенден алыс болуу керек. Алардын арасында спорттун карьерасын жогорулаткысы келгендер, өзүнө карата ишенимин бекемдегиси келгендер, кайсы бир нерсеге мотивация алгысы келип духунун күчүн сезинүүнү каалагандар бар.
Психологиянын ар башка багыттары өзүнүн кара башына жорук издеген адамдарга төмөнкүдөй аныктама беришет.
Экзистенциалдуу психология: Адам өлүмгө бет келишкендей кырдаалдарга кабылып өмүрдүн баалуулугун сезингиси келет.
Психофизиология: Бул спорттогу катуу стресстен улам адамда эндорфин, норадреналин, дофамин, серотонин сыяктуу бакыттын гармондору бөлүнүп чыгат.
Бихевиоризм (жүрүм-турумдун психологиясы): Экстрим адамдын өзүнө карата баасын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Психоанализ: Бала кезде калган “түрткүнчүк болуу”, ата-энеси “жакшы сүйбөй койду, жакшы көрбөй койду” деген сыяктуу психотравмалык сезимдерден арылууга аракет кылгандар ушундай спортту тандап алышат.
Гештальт психология: Кайсы бир бүтпөй калган иштин аягын адам ушундай сезимдер менен жаап, бүтүргүсү келет.
Ссылка: https://barometr.kg/ektremalduu-sporttu-sjgndr-krutojlorbu-zhe-depressiya-bolgondorbu
Добавить комментарий ×