Эксперт: Европада коронавирустан каза болгондор көбөйүшү ыктымал
Жакын арада Европада коронавирустан каза болгондордун саны көбөйүшү ыктымалдыгын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун расмий өкүлү Тарик Язаревич билдирди.
Эксперттин айтымында, Европа мамлекеттеринин көбү коронавирустун баштапкы этабын башынан өткөрүп жатат. Ал өз сөзүндө Европа мамлекеттеринин ичинде учурда Италияда каза болгондор көп экенин айтып, ошону менен бирге эле оорудан айыккандардын да саны арта турганына токтолду.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму нак акчаны колдонуудан дагы баш тартуу керектигин сунуштады. Себеби, нак акча коронавирустун жуга турчу бир булагы болуп эсептелет.
16-мартта саат 18:00гө алынган маалымат боюнча Италияда коронавирустан каза болгондордун саны 1809 кишини түзүп, оору 24 747 кишиге жукканы расмий тастыкталды.
Ал ортодо дүйнө жүзү боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 6,5 миңден ашты. Ошондой эле, оорудан айыккандар дагы он миңдеп саналат.
Ссылка: https://barometr.kg/ekspert-evropada-koronavirustan-kaza-bolgondor-kbjsh-yktymal
Добавить комментарий ×