Экс-президент Атамбаевдин жубайы жана уулу Өзбекстанга учуп кетти

25 март 2019 17:04 1929 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева уулу Кадыр менен бирге  Ташкент шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Facebookтагы өзүнүн баракчасына КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева жарыялады.

Анын маалыматына таянсак, иш сапар Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхон Мирзиееванын чакырыгы менен уюштурулган.   

“Алардын жакшы достук мамилеси бар, Раиса Атамбаева  менен Зироатхон Мирзиеева дайыма байланышта болуп турат”,-деп жазды Кундуз Жолдубаева.

Раиса Атамбаева жана Кадыр Атамбаев Бишкекке 28-мартта кайтып келишмекчи.

 

Ссылка: https://barometr.kg/eks-prezident-atambaevdin-zhubajy-zhana-uulu-zbekstanga-uchup-ketti



Добавить комментарий