Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Ташкентке барат

7 ноябрь 2023 16:53 3355 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Ташкенке иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Белгилүү болгондой, Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен бирге 8-9-ноябрда Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышуу үчүн иш сапары менен барат.

“Өлкөлөрдүн лидерлери Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде региондогу мамлекеттердин социалдык-маданий, илимий-техникалык өнүгүү боюнча мамилелердин ар кандай аспектилеринде өз ара пайдалуу аймактык экономикалык кызматташтыкты жана өз ара жардамдашууну түзүү аркылуу экономикалык мамилелердин дүйнөлүк системасына ырааттуу жана этаптуу интеграциялоону талкуулашат”, -деп айтылат маалыматта. 

Саммиттин ишине Уюмга мүчө – Азербайжан Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын, Түркия Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын мамлекет башчылары, ошондой эле Казакстан Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын өкмөт башчылары катышат.

Саммиттин алкагында Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата "Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү - балдар жана жаштар иш-аракетте" темасында Эл аралык форум өтөт, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин жубайы Айгүл Жапарова катышат.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-zhubajy-ajgl-zhaparova-menen-birge-tashkentke-ish-sapary-menen-barat



Добавить комментарий