Экс-мэр Кулматовго жетинчи жолу иш менен таанышууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Ал сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү

31 май 2019 14:06 1323 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 31-майда, Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланды.

Соттун жүрүшүндө экс-мэр Кубанычбек Кулматов Ленин райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Касымбековго ишенбөөчүлүк көрсөттү. Буга чейин жактоочу Сергей Слесарев кылмыш иши менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүү тууралуу өтүнүч берген. Анын айтуусунда айыпталып жаткандардын бирөөсү дагы бул иштер менен тааныш болгон эмес. «Жок дегенде кылмыш иши боюнча жазууларды формалдуу түрдө алып, айыптоочу акттардын көчүрмөсүн берүүнү сурайбыз», - деди ал.

Өз кезегинде Кулматов иш менен таанышууну жетинчи ирет сурап жаткандыгын айтып: «Мага таанышууга ишти беришкен жок. Тергөөчү таанышууга чакырган жок. Мен бул жерде эмне кылып жүрөм? Жетинчи жолу сурап жатам, сиз болсо кулак сыртында калтырып жатасыз», - деди.

Прокурорлордун бири Кулматов өзү айыптоочу бүтүмгө кол коюудан баш тарткандыгын айтты. Кулматов болсо биринчиден 13 томдон турган кылмыш иши менен таанышуу керектигин, бул жерде анын тагдыры чечилип жаткандыгын белгиледи.

Судья өтүнүчтү кабыл алган жок. Буга Кулматов нааразы болуп, судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү. «Мен процесске катышуудан баш тартам. Эгер менин укуктарымды жокко чыгарсаңыз, мен судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтөм. Мен бул жерде соттолуучу эмесмин. Бул жерде маскарачылык болууда», - деп билдирди Кулматов.

Башка айыпталуучулар менен жактоочулар Кулматовду колдошту.

Судья өзүн чакыртып алуу керекпи же жокпу чечүү үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кетти. Жыйынтыгында судья өзүн чакырып алуудан баш тартып, буга негиз жок экендигин билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/eks-mer-kulmatovgo-zhetinchi-zholu-ish-menen-taanyshuuga-mmknchlk-berishken-zhok-al-sotko-ishenbchlk-krstt



Добавить комментарий