Экс-депутат Караганбек Самаков № 26 абакка которулду
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Карганбек Самаков Бишкек шаарындагы № 47 түзөтүү абагынан Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан № 26 абак жайга которулду.
barometr.kgге Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашкандай, Карганбек Самаков 2017-жылы 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан 10 жылга эркинен ажыратылган.
Жаза өтөө мөөнөтү 2017-жылдын 19-декабрында башталган.
Буга чейин бир нече ирет мунапыс алган Самаков 2019-жылдын 11-марттагы ЖАМКнын атайын комиссиясынын протоколуна ылайык, Молдовановка айылындагы №26 абак жайга которулду.
Жаза өтөлө элек мөөнөтү 1 жыл 5 ай 21 күндү түзөт. Мөөнөтү 2021-жылдын 12-мартында аяктайт.
Эскерте кетсек, Карганбек Самаковго 2015-жылы 14-майда кылмыш иши козголгон. Аны 2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү 262 гектар жер участогун мыйзамсыз трансформациялоодогу коррупция иштерине айыпташкан.
Ссылка: https://barometr.kg/eks-deputat-karaganbek-samakov-26-abakka-kotoruldu
Добавить комментарий ×