Египеттен табылган байыркы кайыкты музейге жеткиришти

11 август 2021 16:27 1165 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Египеттин туризм жана байыркы эстеликтер иши боюнча министрлиги Хеопстун Күн кайыгын Улуу пирамидадан Египеттин музейине алып өткөн видеону бөлүштү. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Абдан баалуу экспонатты ташуу үчүн бир жылдай даярдык көрүшкөн.

Болжол менен 4500 жыл мурда жасалган, узундугу 42 метрди түзүп жана 20 тоннадан ашык салмагы бар кайыкты музейге алып өтүү иштери чыны менен керемет болду.

Бул үчүн бир катар транспорт идеалары сунушталды, анын ичинде кайыкты бузуп анан музейге алып өтөлү деген сунуштар дагы айтылды.Бирок акыры аны бүтүн сактап алып жөнөштү.

Хеопстын алгачкы Күн кайыгы деп аталган экспонат 1954-жылы май айында Хеопстын пирамидасынын түштүк тарабынан табылган болчу, ошол эле учурда анын жанынан дагы бир кайык табылып, биро казуу иштери токтотулган.

Аны жакында казып алышты, эми эки эгиз кайык Гизадагы Чоң Египет музейинде атайын имаратта сакталат. Имаратты ачуу салтанаты ушул жылдын соңуна белгиленди.


 

 

Ссылка: https://barometr.kg/egipetten-tabylgan-bajyrky-kajykty-muzejge-zhetkirishti



Добавить комментарий