Египетте жаңы сфинкс статуясы табылды
Бөлүшүү:
Египетте Луксор аймагында жол салып жаткандар кокусунан жер астынан сфинкс статуясын табышты. Бул тууралуу Луксор провинциясындагы байыркы эстеликтерди башкаруу бөлүмүн башчысы Мухаммед Абдель Азиз жергиликтүү каналдардын бирине билдирген.
Башы адам түспөл, ал эми денеси арстандын келбетин кийген жаңы табылып жаткан эстелик Гизедеги Сфинкске абдан окшош деп билдиришүүдө. Египет бийлиги статуяны казып алууга шашкан жок. Азырынча ал жер астында. Анткени сырттагы климаттын өзгөрүүсү статуяга таасирин берет деп билдиришти.
Ссылка: https://barometr.kg/egipette-zhay-sfinks-statuyasy-tabyldy
Добавить комментарий ×