Египетте археологдор коңуздардын мумиясын табышты

12 ноябрь 2018 13:10 1303 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Египетте археологдор алгачкы жолу конуздун мумиясын табышты. Буга чейин ар кандай жан-жаныбарлар, мисалы мышыктыкы, иттики, кобра жыландардыкы табылып эле келген. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазып чыкты. 

Табылган мумиялар Каирдеги Саккарада атайын мумиялар сакталган жайда сакталып турат. Археологдордун берген маалыматына караганда 6 миң жылдык жашоону басып өткөн дешүүдө. 

"200гө жакын катырылган коңуздардын мумиясы-чындыгында уникалдуу көрүнүш"-деп билдирди Египеттин Жогорку Кеңешинин байыркы иштер боюнча генералдык катчысы Мустафа Вазир. Табылган табылга эки кутучага салынып, коңуздардын мумиялары катарлашып коюлган. Экинчисинде көң коңузу деп аталган кара коңуздун чүпүрөккө оролуп коюлган. Байыркы Египетте жашоочулар бул коңуздарды бактылуулуктун, ийгиликтин жана жакшылыктын символу катары да көрүп келишкен деп айтылат. 


Ссылка: https://barometr.kg/egipette-arheologdor-kouzdardyn-mumiyasyn-tabyshty



Добавить комментарий