Египетте 5 блогер айым эки жылдан абакка кесилди
Египетте 5 блогер айым эки жылдан абакка кесилди. Бул тууралуу чет элдик басылмаларга таянып “Барометр” которду.
Египеттин сотту 5 блогер айымдын ар бирин эки жылдан абакка кести. Алардын арасында «Инстаграм» жана «TikTok» социалдык тармактарында 100 минден катталуучулары бар айымдар бар.
Блогерлерге жана алардын жардамчыларына «адепсиздикке үгүттөшкөн жана адам аткезчилиги менен алектенишкен» деген айыптар коюлду.
“Өкүмдө «алар Египеттин принциптерине жана баалуулуктарына» шек келтиришкени айтылды. Ошондой эле, ар бир айым 19 миң доллардан айып пул төлөмөй болду”, - деп айтылат маалыматта.
Кесилгендердин бири 20 жаштагы Ханин Хассанга аялдар менен эркектерди бири-бири менен тааныштырууга багыттаган видео тасмасы үчүн айып койду.
Ссылка: https://barometr.kg/egipette-5-bloger-ajym-eki-zhyldan-abakka-kesildi
Добавить комментарий ×