Ээсин каратып туруп, унаасын урдайын деди
Бөлүшүү:
Бишкек шаарынын Аламүдүн районунунда башка бирөөнүн унаасын уурдап кетүү аракетин көргөн жаран колго түштү. Бул тууралуу Чуй облустук ИИББ билдиришти.
Маалыматка караганда 28-майда жергиликтүу тургундардын бири милиция бөлүмүнө телефон чалып, анын Daewoo Matiz маркасындагы унаасын бир адам уурдайын дегенде ээси өзү кармап алганын кабарлаган. Аламүдүн районунун ИИБ кызматкерлери окуя болгон жерге келип, уурдамакчы болгон 20 жаштагы жигит Ош облусунун тургуну экенин такташкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат
Ссылка: https://barometr.kg/eesin-karatyp-turup-unaasyn-urdajyn-dedi
Добавить комментарий ×