Эч качан тобокелдикке барбаган адам, баарынан көп тобокелдикке барат!

18 ноябрь 2021 21:04 2377 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү орус жазуучусу, Нобель сыйлыгынан лауреаты Иван Бунин “Эч качан тобокелдикке барбаган адам, баарынан көп тобокелдикке барат!” деп таамай фразаны айткан. Анын психологиялык мааниси тууралуу бүгүн barometr.kg сизге сунуштайт.

1)Көбү баарын көзөмөл кылгысы келет, бирок бул мүмкүн эмес!

Бул дүйнө өзгөрүлмөлүү, эмне болуп кетери белгисиз дүйнө экенин кабыл алуу зарыл. Ал тургай баарын идеалдуу көзөмөлгө алсаңыз дагы, бир эле көз ирмемде ал системаңыз иштебей калышы толук мүмкүн.

Абсолюттук туруктуулук жана баары статикалуу болуп жылбай калуу деген нерсе бул жашоодо мүмкүн эмес. Баардык жашоо бул туруксуздукту тең салмакка салууга жана андан канааттануу алууга коротулат. 

2)Мезгил-мезгили менен баары бир тигил же бул нерсени тандоого туура келип турат 

Ар бир жаңы кадам бул өзүнчө алганда тобокелдик. Бул тандоо сиздин кийинки тандооңузга жол ачат.

Эгер туура эмес кадамга жасасаңыз дагы бир туура эмес кадамды анын кесептинен жасоого туура келет. Демек баары бир тобокелдикке барып жатасыз.

3)Тобокелдикке барбаган адам баарынан көп жоготот!

Ким тобокелдикке барбаса, эч нерсе ала албай калышы жана көңүлү калуусу толук мүмкүн.

Кандайдыр бир кадамга барбаган адам оюн баштала электе эле утулган адам сыяктуу. Ал башка бирөөнүн тапшырмасын аткарат, башка бирөөнүн бактысы үчүн аракет кылат. Анткени өзү үчүн аракет кылган эмес. Өзүнүн жашоосундагы картинага жетүүгө аракет кылган эмес.Анткени тобокелдиктен корккон. Бирок тобокелдикке барбай коюнун өзү коркунучтуу. Жөн гана жашоо агымы менен агып бара жаткан кишилерди өзүнүн кызыкчылыгына колдонууну каалагандар бута кылары турган иш.

Ошондуктан тобокелдиктин оң-сол жагын өлчөп көрүп, ага баргандан коркпоңуз деп кеңеш беришет психологдор. Бирок тобокелдик сетевой маркетингге акча салуу, кумар ойноо, уурулук кылып баюу, пара алуу, экстремалдуу спорт эмес, тобокелдик бул так эсептелген аракеттердин жыйындысы болууга тийиш.

Ссылка: https://barometr.kg/ech-kachan-tobokeldikke-barbagan-adam-baarynan-kp-tobokeldikke-barat



Добавить комментарий