Джон Сноу бойдокчулук менен кош айтышты
"Так талашуу оюну" (Игра престолов) сериалындагы белгилүү "Жон Сноу" ушул жылдын 23-июнунда бойдокчулук менен кош айтышты. Актердун тандоосуна ээ болгон сулуу анын кинодогу сүйүү өнөктөшү Игриттин ролун ойногон шотландиялык актриса Роуз Лесли болду. Британиялык маалымат агенттиктердин билдиргенине караганда үйлөнүү-үлпөт тою Шотландияда өтүп, ага кинодогу бирге катышкан коллегаларынан Софи Тернер жана Мейси Уильямс келишти. Буга чейин түгөйлөр тууралуу ушак кептер тараган. 2012-жылы сьемкадан таанышкан Роуз менен Кит Харингтондун мамилеси сүйүүгө айланып, бирок 1 жылдан кийин эки жолго түшүшкөн. Бирок кайрадан табышып, биринчи жолу түгөйлөр катарында эл алдына 2016-жылдын апрель айында Лондондогу Лоуренса Оливье сыйлык тапшыруу аземинде чыгышкан.
Үйлөнүү тууралуу түгөйлөр 2017-жылдын сентябрь айында The Times басылмасына жарыялап, ошол жылдын январынан тарта чогуу жашап келишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/dzhon-snou-bojdokchuluk-menen-kosh-ajtyshty
Добавить комментарий ×