"Джеймс Бонддун сүйгөн кызы" Таня Робертс каза болду

4 январь 2021 17:33 1768 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык актриса «Вид на убийство» тасмасында Джеймс Бонддун сүйлөшкөн кызынын ролун жараткан Таня Робертс 65 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышты. Бул тууралуу Hollywood Reporter жарыялаган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Робертстин жакындарынын айтымында, ал Рождество майрамында иттери менен сейилдөөгө чыккан, бирок кайтып келе жатканда жыгылган. Актриса ооруканага жатып, дем алдыруучу аппаратка туташтырылган, бирок ага карабастан 3-январда көз жумган.

1985-жылы Робертс агент Джеймс Бонддун сүйгөн кызынын ролун аткарып, «Вид на убийство» кинотасмасы аркылуу коомчулукка таанылган.

Андан тышкары актриса «Повелитель зверей», «Шина — королева джунглей» жана «Почти беременна» атуу кинотасмаларда роль жараткан.

Ссылка: https://barometr.kg/dzhejms-bonddun-sjgn-kyzy-tanya-roberts-kaza-boldu



Добавить комментарий